Wellness ишкерлери үчүн чынчыл бизнес: эл аралык мүмкүнчүлүктөр, жооптуу эко ыкма, ден-соолук, спорт жана сулуулук үчүн инновациялык өнүмдөрдүн глобалдык өндүрүшү.
Биз өзүбүздүн баалуулуктарга сибирдик тамырыбыздын аркасында ээ болдук: Siberian Wellness каада-салттар сакталган, илим өнүккөн, жаратылыш корголгон жана бааланган жерде негизделген. Бүгүнкү күндө сулуулук, ден соолук жана спорт үчүн табигый продукциялар, ошондой эле биздин бардык бренддердеги эксклюзивдүү атырлар дүйнөнүн 60+ өлкөлөрүндө суроо-талапка ээ. Аларды түзүү процесси да эл аралык мүнөзгө ээ болду: Siberian Wellness өндүрүш комплекстери Россияда, Сербияда, Италияда, Өзбекстанда иштейт жана биз өнүгүүнү улантып жатабыз. Компания дүйнөнүн каалаган бурчундагы адамдардын универсалдуу Siberian Wellness спектринин натыйжалуулугуна жана ар бир аймактын өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен түзүлгөн атайын өнүм линияларына жетүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууга умтулат. Ар бир жерде биз илимдин жетишкендиктеринен жана жергиликтүү жаратылыштын байлыгынан эң көп нерсени алабыз жана аны сизге – инновациялык чечимдер, мүмкүнчүлүктөр горизонтун кеңейтүү, жалпы планетабызга кам көрүү түрүндө беребиз. Ал эми биз сыймыктана турган негизги жетишкендик – бул Бизнес-Өнөктөштөрдүн жана жүз миңдеген Кардарлардын ишеними.
Коомдук бакубаттуулукту жана жаратылыш алдындагы жоопкерчилик маданиятын калыптандыруу, технологияларды жана экономиканы өнүктүрүү, адамдарга жакшы шартта жашоо мүмкүнчүлүтөрүн камсыз кылуу үчүн азыр жана ушул жерде масштабдуу аракеттенүү керек.
Ошондуктан, биз келечекке инвестиция жасайбыз: спорт, сулуулук жана мыкты ден соолук үчүн өнүмдөрдү жаратабыз жана дүйнө жүзүндөгү миллиондогон адамдарга өзүн өзү ишке ашыруусуна жардам беребиз.
Туруктуу өнүгүү планы
Туруктуу өнүгүүнүн 6 багыттуу планы: экоөндүрүш, экотаңгактоо, экодүкөндөр, экоишчаралар, экосистемалар жана климат, экоагартуу
Сибирдеги, Европадагы жана Азиядагы өзүбүздүн өндүрүштүк комплекстер эң заманбап жабдуулар менен жабдылган жана 60тан ашык өлкөнүн Кардарларын туруктуу өнүм менен камсыз кылууда.
Өндүрүш жөнүндө көбүрөөк маалыматЭл аралык стандарттар – чыгарылып жаткан өнүмдөрдүн сапатын тастыкташат
упаковка – биздин өндүрүш линияларыбыздын бир күндүк кубаттуулугу
өндүрүш корпустарынын жалпы аянты
Биздин өнүмдөрдө сен сульфат, фталат, парабен жана башка түпкүлүгү кооптуу заттарды таба албайсын – бул биздин принцип жана керектөөчүлөргө кам көрүү. Мындан тышкары, бизге көптөгөн пайдалуу активдүү заттарды берген жаратылышка да кам көрөбүз: биздин өндүрүш линияларыбыз сууну жана абаны чыпкалоочу көп баскычтуу системалар менен жабдылган. Биздин инженерлер айткандай, «дем чыгаруу дем алууга караганда таза».
Өзүбүздүн чет өлкөдөгү жеке Өкүлчүлүктөрүбүздүн жана логистикалык борборлорубуздун аркасында Siberian Wellness өнүмдөрүн дүйнөнүн 60тан ашык өлкөдөгү Кардарлар сатып алалат. SW фирмалык дүкөндөрү 22 өлкөдө ачылган жана ар бир адамга чыныгы Сибирди сезүүгө мүмкүнчүлүк берет.
Биздин жеткирүүчүлөр сырьелорду жана биологиялык активдүү компоненттерди ири россиялык жана чет өлкөлүк өндүрүүчүлөр болуп саналат. Биз дүйнө жүзүндөгү компаниялар менен иштешебиз – Франциядан Түштүк Кореяга, Германиядан Жапонияга чейин, рынок лидерлеринин аброюна жана туруктуу сапатына ишенебиз. Бардык жеткирилген өнүмдөр катуу эл аралык стандарттар боюнча тастыкталган, бирок ошого карабастан биздин өндүрүш лабораторияларында кошумча текшерүүдөн өтөт.
Биздин Компаниянын негизги багыттарынын бири – инновациялык, табигый, спорттук тамак-аш азыктарын жана функционалдуу тамактанууну иштеп чыгуу. Siberian Wellness – Россиянын Олимпиадалык комитетинин инновация жаатындагы расмий өнөктөшү. Мындан тышкары, биз ай сайын миңдеген жаңы Кардарларды сергек жашоо образына тартып, алардын жүрөгүндө жигердүү жашоо образына болгон сүйүүнү тутандырабыз. Спорт – бизнестеги жана жашоодогу туруктуу өнөктөшүбүз!
Siberian Wellness – «Байытылган тамак азыктары» категориясындагы Бүткүл дүйнөлүк кышкы универсиаданын демөөрчүсү, ошондой эле Россиянын Олимпиадалык комитетинин «Инновациялар» категориясындагы өнөктөшү.
Business School online атайын долбоору – бул маркетинг, медицина жана бизнес кесипкөйлөрү тарабынан түзүлгөн аралыктан окутуу курстары. Бул жерде ар бир адам заманбап адамга керектүү билимдерди жана көндүмдөрдү өздөштүрө алат: жарнама, PR жана маркетингдин негиздери, сергек жашоо образынын жана каржылык сабаттуулуктун негизги аспектилери, XXI кылымдын өнүм тренддери.
Siberian Wellness жаратылыш биз менен марттык менен бөлүшкөн ресурстарды баалай билет. Биз көп жылдардан бери табигый компоненттердин негизинде ден соолук жана сулуулук азыктарын жасап келебиз. Биз жаратылышты сүйөбүз, ал эми сүйүү дегенибиз аракет кылуу дегенди билдирет. Биз үчүн ыраазы болуу жана кайра кайтаруу маанилүү, ошондуктан 2011-жылы «Мир Вокруг Тебя» Фондун түздүк.
Фонд үч негизги багыт боюнча иштейт:
– Жаратылыш жана жаныбарлар дүйнөсү
– Илим жана экоагартуу
– Ыктыярчылык
Биз экологиялык акцияларды өткөрөбүз, экспедицияларды уюштурабыз, Байкал көлүн изилдөөгө жана сактоого жардам беребиз, сейрек кездешүүчү жаныбарлар менен канаттууларды: ак илбирсти, гренландиялык китти, Байкал аюубалыгын, шумкарды, талаа бүркүтүн жана башкаларды коргойбуз.
Биз сиз ишене турган мыкты эксперттер менен иштейбиз. Биздин өнөктөштөр кайрымдуулук фонддору, корголуучу аймактар, волонтерлор, укук коргоо органдары жана коомдук уюмдар.
Жаратылышка кам көрүү жана жаратылыш ресурстарын урматтоо – Компаниянын негизги баалуулуктарынын бири. Siberian Wellness менен дүйнөнү жакшы жакка өзгөртүңүз!
150млн рубль
кайырдуу иштерге
1 млн +
көчөт 100 га долбоорунун алкагында отургузулду
300
экспедиция жана экоиш-чаралар ийгиликтүү ишке ашты
11жылдан
бери планетаны коргойбуз